Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Мелис Аспековду абактан бошотууну талап кылгандар бүгүн да чыгышат


“Мекенчил” партиясынын теңтөрагасын абактан бошотуу талабы менен кечээ башталган митинг бүгүн да Ак үйдүн алдында уланат. Бул тууралуу Аспековдун жардамчысы Мухит Мамытов “Азаттыкка” билдирди.

Кечээ Аспековдун тарапкерлери анын шайлоого талапкер катары мандаты бардыгын эске алып, камактан бошотууну талап кылып чыгышкан. Алгач Ак үйдүн алдында башталган нааразылык акциясы Свердлов райондук сотунун алдында уланган. Акция учурунда катышуучулар Мелис Аспековду бошотууну сурап Бишкек шаардык сотуна жана Жогорку сотко өтүнүч жазышты.

Мелис Аспеков 20-августта такси айдоочунун арызы менен кармалып, камакка алынган. Милиция ага такси акысын бербей, айдоочуга тапанча такаган деп айып тагууда. Аспековдун тарапкерлери муну куру доомат, саясий куугунтук деп эсептешет.

Мелис Аспековдун ишин Свердлов райондук соту 14-сентябрда карайт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG