Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:34

Кыргызстанда интернет колдонуучулар төрт миллиондон көп


Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда калктын 70 пайызында интернетти пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми дүйнөлүк желени колдонуп жаткандардын саны 4 миллиондон ашты.

Интернет пайдалангандар 2009-жылы миллиондон араң ашса, 2010-жылы бул сан 400 миңге, 2011-жылы дээрлик 500 миңге көбөйгөн. Колдонуучулардын саны боюнча биринчи орунда Бишкек, анан Ош шаары турат.

Шаарларда провайдерлер менен уюлдук компаниялардын кызматы дээрлик бирдей колдонулса, айылдарда негизинен чөнтөк телефондун интернети жеткиликтүү. Жарандардын көбү социалдык тармактарга киришет. (SE)

XS
SM
MD
LG