Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Чолпон-Атада көк бөрү мелдеши өтүүдө


Ысык-Көл райондук спорт комитетин 35 жыл жетектеген Асанбек Көлбаевдин элесине арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеш Чолпон-Ата шаарынын ат майданында өтүүдө. Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү боюнча республикалык борбордун усулчусу Табылды Асыгалиев “Азаттыкка” билдиргендей, 8-сентябрда башталган мелдешке Талас, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынан 7 команда катышууда.

Финалдык беттеш 12-сентябрда өтөт. Ал күнү көк бөрүдөн сырткары ат оюндарынын 7 түрүнөн дагы байгелер ойнотулат. Ага чет элдик чабандестер да катышат.

Баш байге ээлерине Дене тарбия жана спорт агенттигинен медалдар, демөөрчүлөрдөн автоунаа өңдүү баалуу белектер ыйгарылат. Бул турнир 2008-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келатат. (ECh)

 

XS
SM
MD
LG