Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:38

Ак үй алдына пикетке чыккандар шайлоону мыйзамсыз деп атоодо


Ушу тапта Ак үй алдында быйылкы парламенттик шайлоону мыйзамсыз деп атаган жарандардын нааразылык акциясы өтүүдө. Аны уюштурган "Таза оппозициялык кыймыл” деп аталган уюмдун жетекчиси Назарбек Нышановдун “Азаттыкка” билдиришинче, азыркы шайлоо мыйзамдарын өзгөртүш керек. Себеби "биометрикалык каттоодон өтпөгөндөр добуш бере албайт деген эреже жарандардын шайлоо укугун, ал эми талапкер болуп катталуу үчүн каражат талап кылынганы шайлануу укугун чектөөдө".

​Пикетке он чакты адам катышып жатат.

"Таза оппозициялык кыймыл" уюму буга чейин да ушундай талап менен нааразылык акция өткөргөн болчу.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо болот, 14 партия ат салышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG