Жубайлар катары расмий каттоого алынганы тууралуу күбөлүгү жокторго молдолор нике кыйбашы керек. Бул маселени бүгүн кыргызстандык укук коргоочулар кайрадан көтөрүп чыгышты. "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын өкүлдөрү жер-жерлерди кыдырып келгенин, маселе дагы эле курч экенин Бишкекте өткөн маалымат жыйында айтышты. Алардын пикиринде, жаш кыздарды күчтөп күйөөгө берип, никесин кыйдыруу үй-бүлөлүк зомбулукка, укугу бузулган жаш келиндердин өз өмүрүнө кол салуусуна алып келүүдө.
Мындай демилге Кыргызстанда эки жыл мурда да көтөрүлүп, парламентте колдоо таппай калган болчу. (RK)