Линктер

шейшемби, 23-май, 2017 Бишкек убактысы 21:04

13-сентябрда аба ырайы кескин өзгөрөт


Жекшемби, 13-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Синоптиктердин маалыматына караганда, 15-сентябрга чейин маал-маалы менен жаан жаап, айрым жерлерде күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаайт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу болот. Бийик тоолуу аймактарда унаа жолдору тоңголок, тайгак болот. 13-14-сентябрда батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы төмөндөйт: Чүй, Талас өрөөндөрүндө 13-сентябрда күндүз 15…20°, 14-15-сентябрда түнкүсүн 3…8°, күндүз 12…17° жылуу болот. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында 14-15-сентябрда түнкүсүн 7…12°, күндүз 17…22° жылуу болот. Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана тоо этектеринде 14-15-сентябрда түнкүсүн 1…6°, күндүз 10…15° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн 0…5° суук, күндүз 6…11° жылуу.

Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Бүгүн республиканын аймагында абанын температурасы 30 градустун тегергинде болуп жатат.

XS
SM
MD
LG