Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Жалал-Абадда атайын унааларга жол бербеген айдоочулар жазаланууда


Жалал-Абад шаары менен Сузак районунда өрт өчүргүч жана тез медициналык жардам унааларына тоскоолдук жараткандарга каршы рейд өтүүдө. "Маяк" деген аталышта уюштурулган иш-чаранын алкагында окуя болгон жерге шашып бараткан атайын унааларга жол бербей койгондор аныкталып, чара көрүлүп жатат.

Рейдди милиция УКМК менен бирге өткөрүүдө.

Жол коопсуздук эрежелери боюнча тез жардам же өрт өчүргүч унааларга тоскоолдук болбошу керек. Бирок мындай көрүнүштөр соңку кезде шаарларда көп каттала баштады. Бишкекте аягы кырсык менен бүткөн учурлар да болгон. (RsK)

XS
SM
MD
LG