Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:02

Жапонияда суу ташкындан улам он миңдеген адам көчүрүлүп жатат


Катуу жер тербетүү менен коштолгон цунамиден кийин чөгүп кеткен жер. Жапониянын түштүгүндөгү Фукушима аймагы. 11-май 2011-жыл
Катуу жер тербетүү менен коштолгон цунамиден кийин чөгүп кеткен жер. Жапониянын түштүгүндөгү Фукушима аймагы. 11-май 2011-жыл

Жапониянын түндүк-чыгышында табият кырсыгынан улам 90 миңден ашык адам там-жайын таштап качты. Эки күндөн бери нөшөрлөп төккөн жамгырдын кесепетинен Кинугава дарыясы нугунан чыгып, Токионун түндүгүндөгү Жосо шаарын көздөй агылууда.

Премьер-министр Синдзо Абэ суу ташкында жабыркагандар коопсуз жайларга көчүрүлүп жатканын билдирди:

- Бул чөлкөмгө эбегейсиз катуу жамгыр жааганы тынчсыздандырат. Өкмөт адамдарды куткарууга жана чоң мүшкүлгө жол бербегенге бар аракетин жумшоодо.

Телеканалдар үйлөрдүн чатырына чыккан адамдарды тикучарлар куткарып жатканын, суу алган тамдар менен автомобилдерди көрсөтүүдө. Жапониянын ортолук бөлүгүн каптаган Этау бороон-чапкытында 15 адам жарадар болгону маалымдалды.

XS
SM
MD
LG