Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:23

АКШнын Душанбедеги элчилиги кадимки ыраатында иштей баштады


Тергөөчүлөр милиция бекетине чабуул коюлган жерди иликтеп жүрүшөт. 4-сентябрь 2015
Тергөөчүлөр милиция бекетине чабуул коюлган жерди иликтеп жүрүшөт. 4-сентябрь 2015

Бул тууралуу элчиликтен “Азаттык” радиосуна кабарлашты.

Элчилик 4-сентябрда тажик милициясына жасалган кол салуулардан улам кийинки күнү жабылган эле.

4-сентябрда Душанбеден 20 км алыстагы Вахдат шаардык милиция бөлүмүнө жана Душанбе аэропортунун жолундагы милиция бекетине куралчандар тобу жасаган чабуулдарда 9 милиционер өлүп, алтоо жарадар болгон.

Тажик бийлиги кол салуулар үчүн коргоо министринин орун басары Абдухалим Назарзоданы айыптап, генерал кызматынан бошотулган. Ал ошондон бери Рамит капчыгайында качып жүрөт. Ырасмий маалымдалгандай, куралдуу топко каршы операция кезде анын 17 мүчөсү жок кылынып, ондогон мүчөлөрү колго түшүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG