Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Суу көбөйдү, энергия импорт болбойбу?


Энергетика министрлиги быйыл кышта электр энергиясы сырттан сатып алынбай турганын билдирди. Токтогул суу сактагычында топтолгон суу ага мүмкүнчүлүк береби? Республикада кышка даярдык кандай жүрүүдө?

Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевдин 10-сентябрдагы билдирүүсүнө караганда, бул күнгө карай Токтогул суу сактагычында 12 млрд. 714 млн. кубметр суу топтолду.

Өткөн жылы ушул мезгилге карай Токтогулда 11 млрд. 800 млн. кубметр суу болгон. Демек өткөн жылга салыштырмалуу быйылкы жылы 1 млрд. кубметрдей суу көп. Министрликтин быйылкы жылы кышында сырттан электр энергиясын сатып албайбыз деген оптимисттик маанайынын себеби ушул жакта жаткандай.

Быйылкы жылы кышка даярдыктын дурустугун министр Турдубаев Бишкек жылуулук борборунда 10-сентябрга карай 243 миң тонна көмүр алып келингени менен да байланыштырды. Өткөн жылы бул мезгилде 43 миң тонна көмүр болгон.

Быйылкы жылы көмүрдүн көп болушунун себеби тендер эрте өткөрүлүп, “Рассвет компани” аттуу компания жаз айларында эле тендердин жеңүүчүсү деп табылганында жатат. Өткөн жылы тендерлер улам үзгүлтүккө учуратылып жатып, күз айларында гана “Прогресс компаниден” 630 миң тонна көмүр сатып алуу чечилген.

Бул эки компания казакстандык олигархтар Александр Машкевич, Паттох Шодиев жана Алижан Ибрагимовго таандык экени айтылып келет. Быйылкы жылы “Прогресс компанини” “Рассвет компани” алмаштырып, ал Кыргызстанга 900 миң тонна көмүр сатат. Анын бир тоннасынын баасы 56 доллар. Өткөн жылы “Прогресс компани” 54 доллардан саткан.

Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министринин мурунку биринчи орун басары Райымбек Мамыров сырттан электр энергиясын сатып алуу же албоо маселеси кышка жараша болот дейт:

- Өзү адатта жылытуу мезгилинде 5 млрд. кубметрден 6.5 млрд. кубметрге чейин суу сарпталат. Эгерде 1-октябрга карай 13 млрд. кубметр суу топтоло турган болсо, кыш абдан жеңил келсе, азыркы кездегидей тарифтердин көтөрүлүшүнө байланыштуу керектөөчүлөр үнөмдөп, электр энергиясын азыраак пайдаланса 5.5 млрд. кубметр суу сарпталат. Эгерде мындай болгондо 13төн 5.5 алсак, 7.5 млрд. кубметр калат дегенди билдирет. Бирок 7.5 млрд. кубметр суу кийинки жылдарга жакшы база түзбөйт. Эгерде 2014-жылдын кышындай болуп, көп сарптала турган болсо импорттук электр энергиясыз кыштан өтүүгө болбойт.

Райымбек Мамыров кийинки жылдарга суу сакташ үчүн Кыргызстан 500 млн. киловатт саат электр энергиясын импорттошу керектигин кошумчалады. Белгилүү болгондой быйыл кыш мезгилинде Кыргызстан Казакстандан 500 млн. киловатт сааттын тегерегинде кымбат электр энергиясын сатып алды. Жай айларында болсо Тажикстандан сатып алды.

Энергетика боюнча көз карандысыз эксперт Расул Үмбөталиев да Энергетика министрлигинин оптимисттик көз карашына кошула бербейт:

- Күз-кыш мезгилин өтүш үчүн Кыргызстанга 17-18 млрд. кубметр суу керек. Бүгүнкү маалымат боюнча 1-октябрга карай 13 млрд. кубметр суу топтолот. Андан ашпайт. Кыш мезгилинде 7-8 млрд. кубметр суу колдонобуз. Натыйжада 2016-жылдын 1-апрелине карай суунун көлөмү өтө аз болот. Ошондуктан Казакстандан электр энергиясын алганга мажбур болобуз.

Жогоруда айтылгандай, быйылкы жылы өткөн жылга салыштырмалуу Токтогулда 1 млрд. кубметрге суу көп болуп жатат. Мынча өлчөмдө суу менен 500 млн. киловатт сааттын тегерегинде электр энергиясы өндүрүлөрүн Үмбөталиев белгилейт.

Өткөн жылы Казакстандан мына ошол өлчөмдө электр энергиясы импорттолгон. Ошондуктан Казакстан электр энергиясын албай коюуга болот дегенге шарт түзүлүп жаткандай. Бирок өткөн жылы Токтогулда суунун көлөмү 6 млрд. кубметрге түшүп кетип, опурталдуу кырдаал түзүлгөн.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG