Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:42

Жапонияда суу ташкын жана жер көчкү 100 миңден ашык кишини үй-жайсыз калтырды

Жапониянын түндүк чыгышында табият кырсыгынан улам 100 миңден ашуун адам там-жайын таштап качты.

Эки күндөн бери нөшөрлөп төккөн жамгырдын кесепетинен Кинугава дарыясы нугунан чыгып, Токионун түндүгүндөгү Жосо шаарын көздөй агылууда. Премьер-министр Шинзо Абэ суу ташкында жабыркагандар коопсуз жайларга көчүрүлүп жатканын билдирди: "Бул чөлкөмгө катуу жамгыр жааганы тынчсыздандырат. Өкмөт адамдарды куткарууга жана чоң мүшкүлгө жол бербегенге бар аракетин жумшоодо".

Эки күндөн берки Этау бороон-чапкынында жети киши дарексиз жоголуп, 17 киши жарадар болгону маалымдалды.

XS
SM
MD
LG