Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:31

БШКга Самаков, Чудинов жана Айдаралиевди жоопко тартууга уруксат берүү сунушталды


Башкы прокуратура Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, парламенттик шайлоого катышып жаткан Жогорку Кеңеш депутаты Карганбек Самаковду, мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудиновду жана мурдагы биринчи вице-премьер Искендербек Айдаралиевди жоопко тартууга уруксат берүүнү өтүндү. Бул тууралуу бүгүн башкы көзөмөл органдын маалымат кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, учурда Самаковдун жерине байланыштуу козголгон кылмыш иш боюнча башка адамдар да жоопко тартылып жатат.

Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айыл өкмөтүндөгү Биримдик-Кут конушунун тургундары алар жашаган тилкеге карата киргизилген чектөөлөрдү алып салууну суранып кечээ Бишкекте маалымат жыйын өткөргөн.

2008-жылы өкмөт Самаковго тиешелүү 262 гектар айыл чарба жерин турак жай тилкесине айландырып, там салууга уруксат берген. Трансформациядан кийин ал жер 1,5 миңге жакын кишиге сатылып, жеке турак жайлар курулган. 2014-жылы Башкы прокуратура жерди камакка алып, мыйзамсыз менчиктештирилген деген жүйө менен депутатка быйыл 14-майда коррупция боюнча кылмыш иш козголгон. 17-майда сот аны тергөө бүткөнчө үй камагына чыгарган. Самаков айыптоону четке кагып келет.

3-сентябрда өкмөт 2008-жылдагы токтомун жокко чыгарган.

Чудинов "Бир Бол" партиясынын тизмесинде үчүнчү, Самаков "Кыргызстан элдеринин конгрессинде" бешинчи, Айдаралиев "Замандаш" аркылуу он төртүнчү орунда талапкер катары баратышат. (RK)

XS
SM
MD
LG