Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:07

ИИМ менен УКМК ишкерлерди текшерүү укугунан ажырады


Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев өкмөт алдындагы Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

- Учурда бул жаатта текшерүүлөрдү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы гана жүргүзөт. Башка органдардын текшерген фактылары болсо ал тууралуу өкмөттүн антикоррупциялык саясат бөлүмүнө кайрылуусу керек. Ал эми буга чейин козголгон кылмыш иштери ИИМ жана УКМКдан аталган кызматка өткөрүлүп берилди.

Темир Сариев ошол эле учурда ишкерлер салык төлөөдөн качпоого тийиштигин айтып, бизнес өзүнүн социалдык жоопкерчилигин сезиши керек деп белгиледи.

Кыргызстандык ишкерлер мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүлөр көптүгүнө нааразылыгын байма-бай билдирип келишкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG