Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Казакстандын борбору Астана шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитине катышууда.
Иш чарага ошондой эле Казакстан, Азербайжандын мамлекет башчылары, Түркиянын министрлери катышууда.
Уюм 2009-жылы казак лидеринин демилгеси менен түзүлгөн. Алгачкы саммити 2011-жылы Алматыда өткөн. Максаты – түрк тилдүү мамлекеттер ортосунда кызматташтыкты кеңейтүү жана түрк элдеринин биригүүсүнө өбөлгө болуу. (RK)