Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:10

Орус жогорку окуу жайларында билим алууну каалоочулар үчүн жарманке ачылды


Бүгүн Бишкекте, И.Раззаков атындагы Техникалык университетте Орусиянын жогорку окуу жайларында билим алууну каалаган кыргызстандык жаштар үчүн көргөзмө-жарманке ачылды. Эки күн бою каалоочуларга окуу шарттары тууралуу маалымат берилерин иш-чаранын уюштуруучусу "Единство" фондунун өкүлү Лилия Постникова билдирди.

Анын айтуусунда, Санкт-Петербург, Красноярск, Томск, Кемерово шаарларындагы техникалык, тамак-аш өнөр жайы, медициналык окуу жайлар тууралуу маалымат берилип жатат. Келерки жылдын жазында экзамен уюштурулуп, мыктыларга бекер окуу укугу берилет.

Быйыл мындай мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, 250 кыргызстандык улан-кыз Орусияга окуганы кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG