Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:41

Беларуста оппозиция президенттик шайлоону бойкот кылууга чакырды


Минск шаарында Статкевич өткөргөн митингден бир көрүнүш. 10-сентябрь, 2015-жыл.
Минск шаарында Статкевич өткөргөн митингден бир көрүнүш. 10-сентябрь, 2015-жыл.

Беларус оппозициясынын лидери, мурунку президенттик шайлоодо талапкер болгон Николай Статкевич Минск шаарынын борборунда нааразылык акциясын уюштурду.

2010-жылы 6 жылга камалган Статкевич Беларус президенти Александр Лукашенко жарыялаган мунапыс менен өткөн айда эркиндикке чыккан.

Полиция 10-сентябрь күнкү акцияга көз салып турганы менен ага тоскоолдук кылган жок. Митингге жүздөгөн адамдар катышты.

Статкевич чогулгандарды 11-октябрга белгиленген президенттик шайлоону бойкот кылууга чакырды. Анын белгилешинче, калыс шайлоо өткөрүү үчүн оппозиция биригиши керек.

Николай Статкевич 2010-жылы президенттикке талапкер болгондон кийин “массалык башаламандык уюштурду” деп 6 жылга камакка алынган эле. (SE)

XS
SM
MD
LG