Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:52

Кыргызстанда Көчмөндөр цивилизациясынын борбору ачылат


Түрк тилдүү мамлекеттер уюму Кыргызстанда Көчмөндөр цивилизациясынын борборун ачууну макулдашты. Бул тууралуу келишимге бүгүн Астанада уюмга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери кол койду.

Ошону менен катар Казакстан борбору Астанада Түрк академиясын, Азербайжандын башкы калаасы Бакуда Түрк маданияты жана мурасынын фондун ачуу чечимдери кабыл алынды.

Кыргызстанда ачыла турган борбор түрк элдеринин ортосунда өз ара ишеним, кызматташтыкты спорттук иш-чараларды уюштуруу аркылуу өнүктүрүү максатын көздөйт. Көчмөндөр цивилизациясынын этнографиялык мурас музейи ачылып, тематикалык семинар, симпозиумдар өткөрүлүп турат.

Бүгүн Астанада түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммити өттү. Ага Кыргызстандан президент Алмазбек Атамбаев баштаган расмий делегация катышты.

Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия кирген уюм 2009-жылы казак лидеринин демилгеси менен түзүлгөн. Алгачкы саммити 2011-жылы Алматыда өткөн. Максаты – түрк тилдүү мамлекеттер ортосунда кызматташтыкты кеңейтүү жана түрк элдеринин биригүүсүнө өбөлгө болуу. (RK)

XS
SM
MD
LG