Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:40

Шайлоочулар тизмеси 2 млн 619 миңден ашты


Шайлоочулардын жаңыланган тизмесинде бүгүнкү күнгө карата 2 миллион 619 миң 474 адам бар. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев өкмөт жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы биометрикалык каттоого туруу мөөнөтү 19-сентябрда аяктарын, 16-сентябрга чейин ар бир жаран өзүн шайлоочулар тизмесинен текшертип алууга укугу бар экенин эскертти.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Ага биометрикалык каттоодон өткөн гана жарандар катыша алат. (RK)

 

XS
SM
MD
LG