Коргоо министринин мурдагы орун басары Абдулхалим Назарзоданын дагы 18 жактоочусу кармалганын бүгүн тажик ички иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, 18 адамды эл кармап, анан күч түзүмдөрүнө өткөрүп берген.
Тажик ички иштер министрлиги ошондой эле Душанбеден 150 чакырымдай алыстыктагы Рамит капчыгайында Назарзоданын тобун кармоо операциясы али уланып жатканын билдирүүдө. Аларды тажик бийликтери “террордук жана кылмыштуу” топ деп атоодо.
Душанбеде жана анын чет жакасындагы Вахдат районунда өткөн жума күнү милиция бекеттерине жасалган кол салуудан жана андан кийинки атышуулардан 26 адам, анын ичинде тогуз милиция кызматкеринин өмүрү кыйылган.
Президент Эмомали Рахмондун айтымында, чабуулду “Ислам мамлекети” тобунун көз караштарын бөлүшкөн согушкерлер жасаган.
Тажик бийликтери кол салууну уюштурду деп айыптап жаткан генерал Назарзода 1990-жылдары мурдагы Бириккен тажик оппозициясынын мүчөсү болгон. (UE)