Башкы прокуратура талапкерлерге карата кылмыш иш козголушунун шайлоого тиешеси жоктугун билдирди. Мурдараак “Бир Бол” партиясы муну үгүт маалындагы атайын бут тосуу катары белгилеген.
Башкы көзөмөл мекемеси Борбордук шайлоо комиссиясына 9-сентябрда кайрылып, парламенттик шайлоого катышып жаткан Жогорку Кеңеш депутаты Карганбек Самаковду, мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудиновду жана мурдагы биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевди жоопко тартууга уруксат берүүнү өтүнгөн.
2008-жылы өкмөт Чүй облусунда Карганбек Самаковго тиешелүү 262 гектар айыл чарба жерин турак жай тилкесине айландырып, там салууга уруксат берген. Чудинов ошондо өкмөттү башкарып турган, Айдаралиев биринчи вице-премьер болгон.
Прокуратура жерлер мыйзамсыз сатылган деп, быйыл май айында Самаковго кылмыш ишин козгогон. 3-сентябрда өкмөттүн 2008-жылдагы токтому жокко чыгарылган.
Чудинов "Бир Бол" партиясынын тизмесинде үчүнчү, Самаков "Кыргызстан элдеринин конгрессинде" бешинчи, Айдаралиев "Замандаш" партиясында он төртүнчү орунда Жогорку Кеңешке талапкер катары баратышат. (SE)