Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Космонавттарды салган аппарат Казакстандын аймагына конду


"Союз ТМА-16М" кемесинин космонавттарды салган аппараты бүгүн таңга жуук саат 6:51де Казакстандын аймагына ийгиликтүү конду. Аны менен казакстандык космонавт Айдын Аимбетов, орусиялык Геннадий Падалка жана даниялык Андреас Могенсен Жерге конушту. “Түшүрүлгөн аппарат Караганда облусунун Жезказган шаарынан 146 чакырым түштүк-чыгышына конду”, - деп билдирет Казакстандын Учууларды башкаруу борбору.

Аимбетовду жакындары тосуп алды. Бир нече убактан кийин аны казак президенти Нурсултан Назарбаев кабыл алары күтүлүүдө. Ал кесиптештери Могенсен жана дагы бир орусиялык космонавт Сергей Волков менен 2-апрелде Эл аралык космос станциясына Байкоңурдан учкан. Волков өз ишин дагы улантуу үчүн космосто калган. Аны менен бирге америкалык, жапониялык жана орусиялык беш космонавт бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG