Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

Сариев жолдорду кышка чейин оңдоп бүтүүнү тапшырды


Бүгүн премьер-министр Темир Сариев курулуп жана оңдолуп жаткан жолдордун абалы боюнча кеңешме ɵткɵрдү. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Темир Сариев Транспорт жана коммуникация министрлигине инспекциялык топторду түзүп, курулуш иштери жүрүп жаткан жерлерде кɵзɵмɵлдɵɵ ишин жүргүзүүнү тапшырды. Ошондой эле жолдун сапатына көңүл буруп, ремонт иштерин кар түшкөнгө чейин бүтүрүү талабын койду.

Республикалык бюджеттен жолдорду оңдоо жана куруу иштерин жүргүзүүгɵ 3 млрд. 780 млн. сом бɵлүнгɵн. Бул каражатка 400 чакырым жол курулат. Анын ичинен 850 млн. сому облустук борборлордун жана чакан шаарлардын жолдорун жакшыртууга каралган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG