Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:22

Аба ырайы кескин өзгөрөт


Кыргызстанда 13-15-сентябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, маал-маалы менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорго кар түшөт. Айрым аймактарда жаан катуу жаайт. Тоолуу жолдор тоңголок, тайгак болот. Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа каттамын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишине тоскоолдук жаратып, жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

13-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу аймактардын жолдорунда тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12...17, күндүз 13...18,

Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 12…17,

Баткен облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 19…24,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 14...19, күндүз 22…27,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8...13, күндүз 16…21,

Нарында түнкүсүн 5...10, күндүз 21…26,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10,

13-сентябрда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 14…16°, күндүзгү жогорку температурасы 16…18° жылуу болушу, кечке жакын 11...13 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт.

XS
SM
MD
LG