Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:49

Атамбаев Сауд Арабиянын падышасына көңүл айтты

Президент Алмазбек Атамбаев жарандардын каза болушуна алып келген Ал-Харам мечитиндеги кырсыкка байланыштуу Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдел Азиз ал-Саудга көңүл айтты.

“Каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен кайрат айткан сөздөрүмдү, ошондой эле бардык жабыркагандар тезирээк сакайып кетишин кааларымды билдирип коюуңузду өтүнөм”,- деп белгиленет мамлекет башчысынын телеграммасында. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Мекедеги Ал-Харам мечитинде 11-сентябрда кран кулап, 100дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылганын Саудиянын жарандык коргонуу мекемеси билдирген. Дагы 180дөн ашуун киши жаракат алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG