Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:14

КТРК “Ла Лига” жана “Бундес Лига” оюндарын көрсөтөт


КТРКнын эн белгиси.
КТРКнын эн белгиси.

КТРК Испаниянын “Ла Лига” жана Германиянын “Бундес Лига” деп аталган футбол чемпионаттарын көрсөтө баштайт. Бул тууралуу Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Илим Карыпбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, алгачкы оюндар бүгүндөн баштап эфирге чыгат. Саат 22:25те “Бавария" менен “Аугсбург”, ал эми 13-сентябрга караган түнү саат 00:25те “Атлетико” менен “Барселона” клубдарынын беттештери түз эфирде футбол күйөрмандарына сунушталат. 13-сентябрда "Эспаньел" - "Реал Мадрид" (22:45), "Шальке 04" - "Майнц" (00:30) клубдарынын оюндары көрсөтүлөт.

Оюндарды ретрансляция кылууга лицензиялык келишим түзүлүп жана берүүнү сапаттуу алып көрсөтүү үчүн жабдуу сатылып алынган. (ECh)

XS
SM
MD
LG