Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Египеттин өкмөтү кызматтан кетти


Ибрагим Махляб башында турган Египеттин өкмөтү кызматтан кетти. Өлкө президенти Абдел Фаттах өкмөттүн отставкасын кабыл алды. Министрлер жаңы өкмөт дайындалганга чейин милдетин аткарып турушат. Махляб баштаган өкмөт өткөн жылдын июнь айынан баштап иштеп келаткан.

Өкмөттүн отставкасы министрликтеги коррупциялык чырга байланыштуу болду. 7-сентябрда Египеттин айыл чарба министри Салах Хелял коррупцияга айыпталып камалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG