Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:04

“Алтын арстанды” венесуэлалык режиcсер алды


Венеция эл аралык кинофестивалынын башкы сыйлыгы болгон “Алтын арстан” бул жолу Венесуэланын режиссеру Лоренс Вигастын “Ыраактан” (Desde alla) деген тасмасына ыйгарылды.

“Бул абдан таң калычтуу, бирок бул сыйлык биздин өлкөдө жакшы кабыл алынарын билем. Мен буга ишенем”, - деди Вигас.

Ал эми “Күмүш арстан” мыкты режиссердук иш үчүн аргентиналык Пабло Траперого “Клан” тасмасы үчүн берилди. Мыкты сценарий үчүн франциялык Кристина Венсена сыйланды. Ал эми орусиялык режиссер Александр Сокуровдун “Франкофония” тасмасы сынчылардын атайын байгесине татыды.

Бул жолу Орусия фильмдери фестивалга катышкан жок. Ал эми “Франкофония” Франция, Германия жана Голландиянын жардамы менен тартылган. Калыстар тобунун атайын сыйлыгын түркиялык Эмина Элпер тарткан фильм алды. Ошондой эле бул фестивалда мыкты роль жараткан актерлор да тандалды.

Кино тармагындагы эң абройлуу фестивалдардын катарына кирген Венеция эл аралык кинофестивалында кыргызстандык режиссер Элнура Осмоналиеванын “Сейде” аттуу тасмасы да көрсөтүлгөн.

Венеция эл аралык кинофестивалынын 72-айлампасы 2-сентябрда башталган. Анда 1453 кыска метраждуу тасма ат салышып, алардын арасынан 14 чыгарма тандалып алынган. 1932-жылдан бери уюштурулуп келаткан Венеция эл аралык кинофестивалы дайыма Лидо деген аралда өтөт. (КE)

XS
SM
MD
LG