Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:53

Меккеде кыргызстандык зыяратчы каза болду


Сауд Арабиянын Мекке шаарында ажылык сапарда жүргөн 71 жаштагы кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди. Ал каза болгон жаран умра амалын кылып, жума намазына даярданып жаткан чакта өз ажалы менен өлгөнүн, Меккедеги кырсыкка тиешеси жок экенин билдирди. Анын сөөгү ошол жакка коюлат.

Быйыл Кыргызстандан ажылык сапарга 3 685 киши кеткен. Зыяратчылар ажылык амалдарын аткарып бүткөндөн соң 28-сентябрдан тарта Кыргызстанга кайта башташат. Акыркы топ 15-октябрда кайтат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG