Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

Самаковду коргоо комитети бийликке кайрылат


Карганбек Самаков
Карганбек Самаков

Депутат Карганбек Самаковду жоопко тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушуна нааразы болгон топ бүгүн Бишкекте маалымат жыйын куруп, бийликке кайрылуу жолдошот. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюштуруучулар маалымдады. Алар парламенттик шайлоого талапкер катары катышып жаткан Самаковго кылмыш ишин козгоону бут тосуу катары сыпатташууда.

Самаков Чүй облусундагы 262 гектар айыл чарба жерин менчиктеп, турак жай тилкесине айландырып жиберген деген негиз менен май айында кармалган. Андан соң эки айга үй камагына чыгарылган. Өткөн жума Бишкектин Октябрь райондук соту дагы бир ай үй камагында отурсун деген чечим чыгарды. Үгүт маалында мындай чечимдин чыгарылышына анын тарапкерлери нааразы болууда.

Самаков "Кыргызстан элдеринин конгресси" партиясынын тизмесинде алдыңкы саптарда шайлоого аттанган.

Башкы прокуратура Борбордук шайлоо комиссиясына 9-сентябрда кайрылып, Карганбек Самаковду жоопко тартууга уруксат берүүнү суранган. Аны менен кошо дагы эки талапкерди - мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов менен мурдагы биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевге кылмыш ишин козгоону көздөп жатат. Чудинов “Бир Бол” партиясы менен, Айдаралиев “Замандаш” партиясы менен шайлоого баратат.

Аларды жоопко тартуу сунушун Борбордук шайлоо комиссиясы ушул жумада карайт. (SE)

XS
SM
MD
LG