Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:21

Бишкекте эки күндө 20 кылмышкер колго түштү


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалымдашынча, Бишкекте соңку эки күн ичинде жүргүзүлгөн “Издөө” аттуу атайын операция учурунда тергөө жана соттон качып жүргөн 20 киши кармалып, дайынсыз жоголгон 27 кишинин дареги аныкталды. Мындан тышкары каза болуп, таанылбай жаткан алты кишинин тек жайы аныкталган.

Жалпысынан 37 кылмыштын, анын ичинде мурда жасалган 19 кылмыштын жүзү ачылды.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын алты айында Кыргызстан боюнча кылмыштуулуктун саны 17540ка жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13% көбөйгөн. Анда мыйзам бузуулардын эң көбү Бишкек шаарында орун алгандыгы белгилеген. (AzK)

XS
SM
MD
LG