Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:10

Президент Атамбаев Тажикстанга аттанды


Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев 15-сентябрда ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин Дүйшөмбүдө өтүүчү саммитине катышат. Ал эми бүгүн Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушат. Жолугушууда тараптар кыргыз-тажик кызматташтыгы тууралуу сүйлөшөт. Иш сапар учурунда Алмазбек Атамбаев Орусия президенти Владимир Путин менен да жолугушары күтүлүүдө.Мындай маалыматты президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

15-сентябрда Дүйшөмбү шаарында ЖККУга мүчө мамлекеттердин президенттеринин саммити башталат. Уюмдун сайтында жазылгандай, саммитте 10 маселе каралат. Анда мамлекет башчылар ЖККУнун ыкчам аракет кылуу күчүнүн жөндөмүн талкуулашат. Мындан тышкары ЖККУ жоопкерчилигиндеги аймактардын абалы тууралуу сөз болуп, уюмдун Башкатчысы Николай Бордюжа акыркы жылы жасалган иштер тууралуу баяндама жасайт.

Саммиттен кийин ЖККУга төрагалык кылуу Арменияга өтөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG