Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Мелис Аспеков беш жылга камалды


“Мекенчил” партиясынын теңтөрагасы Мелис Аспековду бүгүн Свердлов райондук соту беш жылга эркинен ажыратты. Мындай маалыматты Аспековдун партиялашы Төрөхан Жунусбеков “Азаттыкка” кабарлады. Аспековдун тарапкерлери Свердлов райондук соту анын “Мекен ынтымагы” саясий партиясынын курамында парламенттик шайлоого талапкер катары катталганын да эске албаганына нааразылыгын билдиришүүдө. Анын партиялаштары БШК чечими менен талапкер мандатын алгандарга каралган артыкчылыктарына карабай, Аспековдун камалганын мыйзамсыз иш, бийликтин саясий куугунтугу деп эсептешет:

- Биз сотко анын талапкер катары мандатын эске алуусун сурап, өтүнүч жолдодук. Бирок сот аны караган жок.

“Мекенчил” партиясынын теңтөрагасы Мелис Аспековду милиция 20-августта камакка алган. Ага таксистке жолкире төлөөдөн баш тартып, тапанча такаган деген айып тагылган.

Мелис Аспеков 3-сентябрь күнү БШКдан талапкерлик мандат алган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG