Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнө 29-августта адамдын дайынсыз жоголуусу тууралуу арыз түшкөн.
Жалал-Абад облусттук ички иштер башкармалыгынын жетекчи орун басары Нурдин Насыркуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, иликтеп-издөөнүн жүрүшүндө ал адамдын жоголушуна милиция кызматкерлердин тиешеси бар экени аныкталган.
Ага ылайык, жоголгон адам зордук-зомбулуктан каза тапканы жана анын сөөгүн Чаткал дарыясына агызып жиберишкени маалым болду. Бул кылмышка шектүү катары райондук милицияда нөөмөт бөлүмүнүн ага инспектору камакка алынды. Ал эми анын шериги - күзөт бөлүмүнүн сержантына издөө жарыяланды. (EBM)