Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:55

Британ элчиси алдында өкмөт башчы Максим Бакиев маселесин козгоду


Британиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Робин Орд-Смитти 14-сентябрда Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев кабыл алды. Анда Сариев Кыргызстанда сот тарабынан күнөөлүү деп табылган Максим Бакиевдин Улуу Британия аймагында ээн-жайкын жүргөнүнө өкүнүчүн билдирип, мамлекеттин, элдин каражатын өзүнө ыйгарып алган жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартууга Британияны көмөктөшүүгө чакырды.

Робин Орд-Смит Максим Бакиевге байланыштуу маселенин чечилишине элчи катары активдүү катышарын билдирди. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, дүйнө коопсуздугуна байланыштуу маселелер жана экстремизм, терроризмге каршы күрөш боюнча пикир алышуу болду.

Сариев Робин Орд-Смитти элчилик кызматка дайындалышы менен куттуктап, мындан ары эки тараптуу кызматтык активдешип, сапаттуу деңгээлге чыгарына ишеничин билдирди.(AzK)

XS
SM
MD
LG