Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

Өкмөт башчы партия лидерлери менен шайлоо маселесин талкуулайт


Бүгүн премьер-министр Темир Сариев парламенттик шайлоого аттанган саясий партиялардын лидерлерин чогултуп, үгүт өнөктүгүнө байланыштуу маселелерди талкуулайт. Андан сырткары, добуш берүү күнкү милдеттенмелер тууралуу талкуу болорун өкмөт башчынын басма сөз кызматы “Азаттыкка” кабарлады.

Темир Сариев өткөн жумада жыйын куруп, саясий партияларды шайлоодон кийинки добуштарды таанууга, жыйынтыкка нааразы болуп, Кыргызстан бейпилдигин бузбоого чакырган жана муруңку шайлоолордон кийинки айрым нааразылыктарды мисал келтирген. Бул сунушун партиялар кабыл аларына үмүт артып, эгер кырдаалды курчутуу аракети болсо, ага жооптуулар жазаланарын эскерткен.

Ал арада аймактарда жүрүп жаткан үгүт маалында тигил же бул партия өкүлдөрү жаңжалдашкан учурлар кездешүүдө.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 14 саясий партия ат салышууда. (SE)

XS
SM
MD
LG