Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:58

Советтик жана орусиялык саясатчы Юрий Афанасьев дүйнө салды


Юрий Афанасьев "Эркин Европа/Азаттыктын" Москвадагы студиясында, 5-май, 2009.
Юрий Афанасьев "Эркин Европа/Азаттыктын" Москвадагы студиясында, 5-май, 2009.

Москвада советтик жана орусиялык белгилүү саясатчы, тарыхчы Юрий Афанасьев 81 жашында кайтыш болду. Москва мамлекеттик тарыхый-архивдик институтунун мурдагы ректору, Орусия гуманитардык университетинин негиздөөчүсү жана президенти Юрий Афанасьев 1980-жылдары тарых илиминдеги абалды сындаган бир катар макалаларды чыгарган. 1989-жылы СССР эл депутаттыгына шайланып, советтик парламенттеги мыйзамдуу оппозициянын тең төрагасы болгон. Кийинчерээк "Демократиялык Орусия" кыймылын түзүп, анын тең төрагасы да болгон. СССРдин андагы лидери Михаил Горбочевге оппозициялык маанайды карманган.

1992-жылы аталган кыймылдын жетекчилиги менен келишпестиктен улам ага мүчөлүгүн токтотуп, 1993-жылдын июнунда саясаттан биротоло кеткенин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG