Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

ЕБ Орусияга каршы санкцияларды узартты


Европа Биримдиги Орусияга жана Украина чыгышындагы орусиячыл жикчилерге каршы мурда киргизилген санкцияларды 2016-жылдын 15-мартына чейин узартты. Буга чейин биримдик элчилери кабыл алган мындай чечимди ЕБнын тышкы иштер министрлери колдоду. Бул чара Москва менен жикчилерди Украина чыгышындагы урушту токтотуу боюнча февралда макулдашылган Минск келишимин аткартууга мажбурлоону көздөйт.

Санкциялар алгач Орусия былтыр Крымды аннексиялап, Украинанын чыгышындагы жикчилдерге аскерий-техникалык көмөк көрсөткөнгө байланыштуу киргизилген. Тизмедеги 150 адамдын көбү орусиялык депутаттар, ишкерлер жана Донбасстагы жикчилердин лидерлери. Мындан тышкары 37 компания жана башка уюмдар бар.

XS
SM
MD
LG