Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн ички иштер министрлери Брюсселдеги бүгүнкү жыйында Италия менен Грецияга кирген 32 миң чамалуу качкынды биримдиктин башка мамлекеттерине бөлүштүрүү боюнча макулдашты. Бул Европа Комиссиясы быйыл майда сунуштаган сандан аз жана аталган комиссиянын президенти Жан-Клод Юнкер өткөн жумада сөз кылган 160 000 деген санга караандабайт.
Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск министрлер бир чечимге келе албаса ЕБ лидерлеринин чукул саммитин чакырарын билдирди.
ЕК президенти Юнкер 9-сентябрда биримдиктин ички иштер министрлерин качкындардын күчтүү агымына байланышкан маселени чечүү планын сунуштап, ички иштер министрлерин 14-сентябрдагы жыйында бул планды бекитип берүүгө чакырган. Анда учурда Италия, Греция жана Венгрия аймагындагы жалпы жонунан алганда 160 миңдей качкынды бөлүштүрүү каралган. Сунушта негизинен Сириядан келген качкындарга милдеттүү түрдө квота берүү да камтылган. Бул маселеде Германия менен Франция көбүрөөк жүктү көтөрорү айтылууда. Бирок биримдиктеги айрым өлкөлөр милдеттүү түрдө орун берген мындай системага каршы чыгууда. Алардын арасында Чехия, Словакия жана Венгрия бар.
Быйыл жыл башынан бери Европа Биримдигинин аймагына жарым миллиондой качкын кирди. Алардын көбүн согуш оту өчпөй жаткан Сириядан чыккандар түзөт.