Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:45

Жаңы келген жоокер токмоктон набыт болгон


Кара-Көл шаарындагы №718 аскер бөлүктө кызмат өтөп жүрүп каза болгон 19 жаштагы Бегалы Шамшидинов чогуу кызмат кылган жоокердин токмогунан каза болгонун “Азаттыкка” Улуттук гвардиянын тарбия боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Таалай Мырзабаев билдирди.

Анын айтуусунда, 3-сентябрда түшкү тамактан кийин 1 айлык кызмат өтөө мөөнөтү калып, үйгө камынган жоокерлер өздөрүнөн алты ай кийин келген балдарды дааратканада токмоктошкон. Алардын бири маркум Бегалы Шамшидиновду кекиртек тушка уруп жиберген. Ушул тапта камакка алынган жоокер күнөөсүн мойнуна алып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин аскер бөлүктүн жетекчилиги жоокер жүрөгү кармап жан бергенин билдирген. Жоокердин жакындары буга ишенбей президентке, бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдоп, токмоктон каза тапкан жоокердин өлүмүнө жооптуулар жазага тартылышын талап кылышкан. (AzK\KE)

XS
SM
MD
LG