Чек ара кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, издөө иштери жоокер жоголгон аймактагы эл жашаган конуштардан тартып, ээн капчыгай, ашууларга чейин жүргүзүлүүдө. Жоокерди издөөгө “Карамык” чек ара бекетинин аскерлери, жергиликтүү милиция жана УКМК кызматкерлери, ошондой эле жакын жайгашкан айылдардын тургундары тартылган.
Чек арачы жоокер Бексултан Баардиновдун жоголгонуна байланыштуу Чек ара кызматынын жетекчилиги кызматтык иликтөө жүргүздү. Ага ылайык, 24-августта “Карамык” чек ара бекетинин төрт аскери кыргыз-тажик чек арасын кайтаруучу нөөмөттө болушкан. Андан ары өз алдынча аң уулаганы кетип калышканын Чек ара кызматы маалымдады. Иликтөөнүн натыйжасында Чек ара кызматынын Ош жана Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Кубатбек Жээнбаев жана анын орун басары Нурбек Турганбаев кызматтан алынды. Булардан тышкары Ош чек ара отрядынын башчысы Замир Кадыров менен орунбасары Улукбек Жоошбеков, “Карамык” чек ара бекетинин жетекчиси Альберт Мааткасымов да ээлеген кызматтарынан бошотулду. Ошондой эле “Карамык” чек ара бекетинин курамы толугу менен өзгөртүлдү. Маалыматка караганда, 23 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан жоокерди издөө иштерине кызматтан бошотулган офицерлер да тартылган.
“Карамык” чек ара бекетинин аскери Бексултан Баардинов 23-августтан бери дайынсыз. Чек арачылар алгач анын нөөмөткө кеткен бойдон дайынсыз экенин маалымдашкан. Ош аскер прокуратурасы 14-сентябрда жоокер чек ара кайтарууга эмес, аңчылыкка кетип, дайынсыз жоголгонун аныктап, бул факт боюнча үч кылмыш ишин козгоду.(ZKo)