Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

Улуттук банк резервинде 1 миллиард 830 миллион доллар турат


Улуттук банктын акча-насыя операциялары боюнча башкармалыгынын башчысы Раушан Сейткасымованын билдиришинче, кечээ 14-сентябрда Улуттук банк 17,6 миллион доллар интервенция кылды. Азыр резервде дагы 1 миллиард 830 миллион доллар турат. Эгер талап кылынса, акча базарга дагы доллар чыгарылат.

Сейткасымова сом тездик менен өсүп жатат деген пикирге кошулбастыгын белгилеп, анын абалы азырынча туруктуу экенин билдирди. Анын айтуусунда, сом жыл башынан бери 16 % гана девальвация болгон.

Ушул тапта Бишкектин акча алмаштыруу жайларында доллар 70 сомдон алынып, 70,5 сомдо сатылып жатат. (AzK\ZKo)

XS
SM
MD
LG