Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:43

Путин: Орусия Тажикстанга стабилдүүлүктү сактоодо жардам берет


Душанбедеги саммитке чогулган президенттер. 15-сентябрь, 2015-жыл.
Душанбедеги саммитке чогулган президенттер. 15-сентябрь, 2015-жыл.

Орус президенти бул тууралуу бүгүн Душанбенде билдирди. Владимир Путиндин айтымында, Тажикстан Орусиянын “жардамына жана колдоосуна” таяна алат.

Орус президенти Тажикстандагы жакындагы атышууларды эске салып, өлкөнүн куралдуу күчтөрү жана тартип коргоо органдары “пайда болгон проблемаларды ийгиликтүү чечип жатканын” белгиледи.

Тажик борборунда бүгүн Жамаатык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн саммити өтүүдө.

4-сентябрда Душанбеде жана анын чет жакасындагы Вахдат районунда милиция бекеттерине жасалган кол салуудан жана андан кийинки атышуулардан 26 адам, анын ичинде тогуз милиция кызматкеринин өмүрү кыйылган. Президент Эмомали Рахмондун айтымында, чабуулду “Ислам мамлекети” тобунун көз караштарын бөлүшкөн согушкерлер жасаган.

Тажик бийликтери кол салууну уюштурду деп айыптап жаткан генерал Абдухалим Назарзода 1990-жылдары мурдагы Бириккен тажик оппозициясынын мүчөсү болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG