Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:49

Татар активисти Крым үчүн соттолду


Рафис Кашапов сот залында. 10-сентябрь, 2015-жыл.
Рафис Кашапов сот залында. 10-сентябрь, 2015-жыл.

Орусиянын соту бүгүн Татар коомдук борборунун төрагасы Рафис Кашаповду үч жылга түрмөгө кести. Ал сепаратизмге чакырган жана улут аралык кастыкты козутканы үчүн күнөөлүү деп табылды. Маалыматтарга караганда, бул - Орусияда Кылмыш кодекстин “сепаратизмге чакыруу” беренеси боюнча сотко жеткен алгачкы иш.

Кашапов былтыр Интернеттеги социалдык түйүндөргө Орусиянын Крымды аннексиялоосун жана Украинанын чыгышындагы аракеттерин кескин сындаган макалаларды чыгарган.

Ал былтыр декабрда Түркиядан кайтып келгенден кийин камалган болчу. Кашапов сотто күнөөсүн моюнга алган жок жана ага каршы кылмыш иштин саясий жүйөсү бардыгын белгиледи.

Соттолгон активист төрагалык кылган коомдук борбор Татарстандын экинчи ири шаары – Набережный Челныда иш жүргүзөт. (UE)

XS
SM
MD
LG