Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:57

Чыр-чатактуу үйлөрдөгү балдардын укугун коргоо аракети жанданууда

“Балдар укугун коргоо борборунун” адиси Таалай Жакыповдун “Азаттыкка” билдиришинче, Свердлов районуна караштуу "Дордой 1,2", "Келечек", "Ак-Бата", "Энесай" жаңы конуштарында жергиликтүү өкүлдөрдөн, ички иштер, социалдык кызматкерлерден турган эки топ  6 ай бою чыр-чатактуу үй-бүлөлөрдү көзөмөлдөшкөн.

Балдар үчүн кооптуу жай деп эсептелген 43 үйгө түшүндүрүү иштери менен катар көзөмөл жүргүзүлүп, алардын ичинен 13 үй-бүлөгө жардам берилген. Таалай Жакыповдун айтуусунда, аталган топтун ишине үмүт арткан айрым кожолуктар телефон чалышып, проблемалуу үй-бүлөдөгү баланын абалы туурасында маалымат бере башташкан.

“Коомдо кайдыгерлик азайганда зомбулукту алдын алууга шарт түзүлөт. Социалдык кызматкерлер көзөмөлдөгөн жаңы конуштарда зомбулуктан саны азайганын айтып жатышат”,- деп белгиледи Таалай Жакыпов. (AzK)

XS
SM
MD
LG