Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:59

Таласта өспүрүмдү зордуктаган киши кармалды

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, 14-сентябрда Талас шаарынын тургунунан арыз түшкөн. Арыз ээси анын 16 жаштагы жээнин ата-энесинин майыптыгынан пайдаланып, 58 жаштагы кошунасы август айында короого алып барып, күч колдонуп зордуктаганын билдирген. Арызда кыз бир нече жолу зордукталып, боюна бүтүп калганы айтылат.

16 жаштагы кыздын атасы 3-топтогу, энеси 2-топтогу майып экени кабарланды. (AzK)

XS
SM
MD
LG