Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:38

Жол кайгуул кызматы автожүрүш өткөрөт


Ички иштер министрлигинин Жол кайгуул кызматы бүгүн Бишкек шаарында “Абайлагыла, балдар!” аттуу автожүрүш өткөрөт. Жол сакчылары бир катар кичиавтобус жана жеңил унааларда шаарды кыдырып, үн күчөткүч аркылуу айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жол кайгуул кызматынын Каттоого алуу, анализ жана профилактика бөлүмүнүн башчысы Өткүр Умаров билдирди. Акциянын алкагында айрым мектептерде көргөзмөлүү окутуулар да өтөт.

Расмий маалыматтар боюнча, быйыл жети ай аралыгында 3700дөн ашуун жол кырсыгы катталган. Анын ичинде 760 балдар катышкан кырсыктар. Натыйжада 53 бала набыт болуп, 850дөн ашууну жабыркаган. Балдардын катышуусундагы унаа кырсыктары өткөн жылга салыштырмалуу 5 пайызга өскөн. (SЕ)

XS
SM
MD
LG