Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:07

ЖККУга Армения төрагалык кылат


ЖККУ саммитине чогулган президенттер. Душанбе, 15-сентябрь, 2015-жыл.
ЖККУ саммитине чогулган президенттер. Душанбе, 15-сентябрь, 2015-жыл.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмундагы төрагалык Арменияга Тажикстандагы саммиттен кийин өттү.

Армян президенти Серж Саркисяндын билдиргенине караганда, Ереван өз төрагалыгы учурунда ЖККУнун потенциялын чыңдоого, кризистерге реакция кылуу системасын өнүктүрүүгө, тышкы саясат боюнча координацияны жакшыртууга, аскерий - техникалык жана аскерий - экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө көңүл бурат.

15 - сентябрдагы саммитте сүйлөгөн учурунда президент Алмазбек Атамбаев ЖККУда маалымат алмашууну күчөтүүгө чакырды.

Кыргыз президенти маалымат алмашууну күчөтүү зарылдыгын террордук уюмдар, анын ичинде “Ислам мамлекети” тобу ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн жарандарын да өз катарына азгырып жаткандыгы менен негиздеди.

Атамбаевдин пикиринде, “Ислам мамлекети” тобунун Ооганстанда таасиринин артышы ЖККУ өлкөлөрүнө тикелей коркунуч туудурат. (UE)

XS
SM
MD
LG