Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:09

Евробиримдик министрлери качкындар маселесин 22-сентябрда талкуулайт


Европа биримдигинин ички иштер министрлери 22-сентябрда чукул жыйынга чогулуп, чөлкөмдөгү негизги көйгөй болуп турган качкындар кризисин талкуулашат. Анда Грекия, Италия жана Венгриядан баш калка издеп жаткан 120 миң мигрантты жайгаштыруу маселеси каралат.

14-сентябрда министрлер Евробиримдик Кеңешинин сунушу боюнча ушул маселени карап, бирок бир пикирге келе алышкан эмес. Ал сунушта качкындарды бөлүштүрүү боюнча чөлкөмдөгү 28 мамлекетке квота берүү айтылган. Бирок ага Чехия, Словакия жана Венргия каршы чыгууда. (SE)

XS
SM
MD
LG