Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:51

Аз камсыз үй-бүлөдөгү балдарга жардам көбөйдү


Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, сентябрь айы үчүн жөлөкпулдарды төлөөгө 600 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү. Бул акчанын 466 миллиону аз камсыз үй-бүлөдөгү балдарга жана майыптарга жумшалды. Кош бойлуулукка жана төрөткө байланыштуу берилген акча 27 миллион сомду түзгөн.

Жөлөкпулдун жалпы суммасы 627 миллион сом болгон. Адистер бул сумма былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырганда 115 миллион сомго көбөйгөнүн, буга аз камсыз бүлөдөгү балдарга жардамдын көбөйтүлүшү себеп болгонун билдирүүдө.

Өлкө боюнча учурда 307 миң балага жөлөкпул берилет. Мамлекет тарабынан социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөрдөгү ар бир балага кепилденген жардамдын суммасы 700 сомду түзөт. (AzK)

XS
SM
MD
LG