Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:43

Кара-Кулжада "Республика Ата-Журттун" баннери тытылды


"Республика Ата-Журт" партиясынын шайлоо штабынын район боюнча жооптуу катчысы Жоомарт Акматовдун “Азаттыкка” билдиришинче, алар Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылында мурда жоголгон баннердин ордуна кечээ саат төрт жарымдар чамасында жаңысын илишкен. Бирок алар бүгүн эртең менен баннер тытылып, жерде жатканын көрүшкөн. Ал жерге участкалык милиция кызматкери чакырылды. Жоомарт Акматов бул аракетти үгүт маалындагы бут тосуу катары баалап жатышканын билдирди.

11-сентябрда Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн тушуна илинген баннер жоголгонун партия өкүлдөрү кабарлашкан. Анда Жоомарт Акматов жергиликтүү бийлик баннерди алып салууну талап кылганын, бирок партия өкүлдөрү мындай талап мыйзамсыз экенин айтып, аны чечүүдөн баш тартышканын билдирген эле. (AzK)

XS
SM
MD
LG